УКМК айыл чарба министрлигинин кызматкерин кармады — ал эмнеге шектелүүдө

Sokol.media-УКМК буга чейин айыл чарба өндүрүүчүлөрү продукцияны республиканын чегинен тышкары эч көйгөйсүз экспорттоо үчүн уюшкан топ жөнүндө жарыялаган.

Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин башчысы Ж.Н.Н кармалды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Ал айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча чек арадагы уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деп шектелүүдө.

УКМК буга чейин ата мекендик айыл чарба продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуунун жол -жобосун талдап чыккан, натыйжада продукцияны Кыргызстандан сыртка экспорттоодо биригип, жасалма тоскоолдуктарды түзгөн чиновниктердин жана жеке компаниялардын туруктуу тобу түзүлгөн. Ушундан улам, айыл чарба өндүрүүчүлөрү продукциялардын ЕАЭБ өлкөлөрүнө үзгүлтүксүз өтүшү үчүн чиновниктерге жана логистикалык компанияларга чоң сумма төлөөгө мажбур болушту.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.