Кайрат Кошбаков Баткендеги чек арадагы айылдарды өнүктүрүү боюнча президенттин атайын өкүлү болду

Sokol.media- Кошбаков Кайрат Зулпукарович Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге 12-октябрда президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин аталган кызматта Мамыржан Рахимов иштеп жаткан.
К.Кошбаков 1986-жылы 3-февралда Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында туулган. Ош мамлекеттик университетинде билим алган.
Эмгек жолу:
– 2006-2009-жылдары «Юг-Риелт» (Ош шаары) ишканасында кыймылсыз мүлк боюнча агент;
– 2009-2010-жылдары «Trimex» (Ош шаары) ЖЧКда айдоочу-экспедитор;
– 2011-2013-жылдары «Arabian Oryx Travel & Tourism» (Дубай, БАЭ) компаниясында туристтерди тартуу боюнча менеджер;
– 2011-2014-жылдары «Damac Proprties LLC» (Дубай, БАЭ) компаниясында кыймылсыз мүлк боюнча агент;
– 2013-2015-жылдары «Greenline Marina Cargo LLC» (Дубай, БАЭ) логистикалык компаниясында менеджер;
– 2018-2019-жылдары «Nation Migration International» борборунда бизнес өнөктөш, иммиграциялык агент;
– 2015-2020-жылдары «Зейн-Кейджи» кадр агенттигинин негиздөөчүсү, башкы директору;
– 2020-жылдын 1-апрелинен 2020-жылдын 30-июнуна чейин Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгында башкы адис.
Кыргыз, англис, араб, орус, өзбек, казак тилдерин билет. Үй-бүлөлүү.

Читайте также: