Индиянын түндүгүндө нөшөрлүү жамгырдан 42 адам каза болду

Sokol.media- Индиянын түндүгүндөгү Уттаракханд штатында кеминде 42 адам каза болду, ал жерде катуу муссон жамгырлары үч күндөн ашык токтобой жатат. Бул тууралуу шаршемби күнү Business Standard гезити штат өкмөтүнөн алынган маалыматка таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жамгыр бул тоолуу штатта жер көчкү, таш кулоо жана суу ташкындарын пайда кылды. Ондогон адамдар дайынсыз жоголгону кабарланууда. Жергиликтүү бийликтер куткаруу иштерине катыша турган куралдуу күчтөрдөн жардам сурашкан.

Өлкөнүн түштүгүндө муссон жамгырлары уланууда, ал жерде 38 адам түштүк -батыш Керала штатында каза болгон, деп билдирди Deccan Herald кечээ. Метеорологдор жакынкы күндөрү жамгырдын интенсивдүүлүгү төмөндөшү керек деп эсептешет.

Читайте также: