Жапаровдун кортежи менен болгон кырсык — иш кайсы этапта

Кырсык Ананьево айылынын жанында, июнь айынын башында болгон. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Subaru үлгүсүндөгү жеңил унаа кортежден Toyota Land Cruiserге урунуп, тилекке каршы УКМКнын 9-кызматынын 37 жаштагы кызматкери, ортопед-травматолог Илгиз Усубалиев каза болду.

Президент Садыр Жапаровдун кортежи менен болгон жол кырсыгы боюнча иш Биринчи Май райондук сотуна кароого жөнөтүлдү, деп билдирди ИИМдин Тергөө кызматынын башкы тергөөчүсү Азамат Дүйшеналиев.

«Бул иш аягына чыгып, Биринчи Май райондук сотунун кароосуна жөнөтүлдү. Subaru Outbackтин айдоочусуна» Шалаакылыктан өлүмгө алып келүү» ,»Жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу» жана «Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин автотранспорт каражаттарын пайдалануу» беренелери боюнча айып тагылды — деди Дүйшеналиев.

Президенттин кортежи менен болгон кырсыктын кесепетинен 37 жаштагы ортопед-травматолог Ильгиз Усубалиев каза болгон.Экинчи унаанын айдоочусу ооруканага жаткырылганы маалым болду. Ички иштер министрлиги соттук -медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Субарунун айдоочусу мас абалда болгонун билдирди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.