Шашылыш билдирүү! 21-октябрдан тарта аба ырайы өзгөрөт

epa03979534 Fall leaves are covered in a layer of ice at Vandergriff Park in Arlington, Texas, USA, 06 December 2013. A large ice storm causing travel problems and power outages moved through the Dallas, Texas area and across the midwest. EPA/BRANDON WADE +++(c) dpa - Bildfunk+++

Sokol.media- 21-октябрда күндүз жана 22-23-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Кыргызгидромет берген маалыматка караганда, Республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык зонасында жамгыр карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 22-октябрда жана 23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Жолдордун тоолуу аймактарында кар күрткүсү түшүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

22-23-октябрда жана 24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+ 2 градуска чейин, күндүз 1… 6 градуска чейин жылыйт, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6 градуска чейин суук, күндүз 0…5 градуска чейин жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөн зонасында түнкүсүн -2…+ 3°, күндүз 4… 9 градуска чейин жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6 градуска чейин үшүк, күндүз 1…6 чейин жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык зонасында түнкүсүн -4…-9 градуска чейин үшүк, күндүз 0… 5 градуска чейин жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9 градус үшүк жүрөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, жайыттарда мал кармоону, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.