Сүрөт- Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунга түштү

«Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунга түштү.

 Бул тууралуу маалымат дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтына жарыяланды. Маалыматка ылайык, Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунан кийин рейтинг кайрадан жаңыланган. Биринчи орунда Акжол Махмудов финалда жеңилген венгриялык Тамаш Лёринц турса, экинчиде орусиялык Роман Власов, үчүнчүдө азербайжандык Санан Сулейманов жайгашты. Акжол Махмудов буга чейин рейтингде экинчи орунда болчу. Кыргыз балбанынын карамагында 44 упай бар.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.