Батукаев иши: Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмү күчүнө кирди

Sokol.media- Жогорку Сот Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата өкүмдү кайра күчүнө киргизди. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди. 

Айтымында, Жогорку Сот 12-октябрда Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, жаңы ачылган жагдайлар боюнча мурдагы өкүмдү кайра күчүнө киргизди.
«2020-жылдын 30-ноябрында Жогорку Сот Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча Биринчи Май райондук соттун чечимин жокко чыгарган. Ушул жылдын сентябрь айында башкы прокурордун жардамчысы Жогорку Сотко өтүнүч менен кайрылган. Эми Жогорку Сот буга чейин өздөрү жокко чыгарган чечимди кайра күчүнө киргизип жатат.
Жаңы ачылган жагдайлар деп жатышат, кайсы жагдайлар тууралуу сөз болуп жатат? Бул жерде Алмазбек Атамбаевди шайлоого катыштырбоо аракети, укуктук башламандык болуп жатат», — дейт ал.

Эске салсак, Атамбаев «Батукаевдин кылмыш иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кесилген.

Жактоочулардын суранычынан кийин Жогорку Сот 2020-жылдын 30-ноябрында бул ишти кайра караган.

Читайте также: