Түркия Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигине техникалык колдоо көрсөтөт

Sokol.media- Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолукканын ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандан барган делегация өзгөчө кырдаал жана коопсуздук боюнча GAMER координациялык борборун, киберкоопсуздук бөлүмүн жана гендердик зомбулукка көз салып турган бөлүмдү көрүп чыккан.

Жолугушууда кыргыз тарап ӨКМдин суучулдар кызматын катер менен камсыздоо маселесин карап берүүнү өтүнүп, тик учак да сураган.

Түрк тарап Кыргызстанга жардам берүүгө, анын ичинде техникалык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтып, кадрларды даярдоого көмөк көрсөтө аларын белгилеген. Эки тараптын жолугушуусу жемиштүү болгону кошумчаланды.

Читайте также: