Кыргызстандыктар ноябрда 4 күн катары менен эс алат

Sokol.media- Кыргызстандыктар ноябрь айында 4 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, 6, 7, 8 жана 9-ноябрь — эс алуу күндөрү болот. «7-ноябрь жекшемби күнгө туш келгендиктен, мыйзамга ылайык, кийинки иш күнү эс алуу күнү болот, — деп билдиришти министрликтен.

Кыргызстанда 7 жана 8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленген.

Читайте также: