Кеминде жол кырсыгынан 1 бала менен 1 кыздын өмүрү кыйылып, 3 адам ооруканага жеткирилди

Sokol.media- Кемин районунун Ударник айылындагы унаа кырсыктан 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Ленин көчөсүндө болгон. Дэу Нексия унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2004-жылы туулган С.Т. аттуу бала, 1 кыз каза болгон. учурда кыздын аты-жөнү такталууда. Аларга катар эле дагы 3 өспүрүм бала жабыркаган. Алардын дагы ысымдары такталууда. Куткаруучулар каза болгондорду жана жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Читайте также: