Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште бир катар актылардын долбоорлору жактырылды

Кечээ,  14-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жыйынтыгында бир катар актылардын долбоорлору жактырылды. 

Жактырылган актылардын долбоорлорунун тизмеси: 

— «Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчө-мамлекеттерине үчүнчү өлкөлөр тарабынан жасалган экономикалык басым жөнүндө» маселелердин алкагындагы тапшырма;

— Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин климаттык күн тартибинин алкагында экономикалык кызматташтык жөнүндө билдирүүсү;

— «Евразиялык экономикалык биримдиктин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун калыптандыруунун экинчи этабына өтүү жөнүндө» чечим;

— «Ташып кирүү бажы алымынын ченемин өзгөртүү чечими Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши тарабынан кабыл алына турган аялуу товарлардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечим;

— «2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө макулдашуунун Евразиялык экономикалык комиссия жана Евразиялык экономикалык биримдиктин сотунун Россия Федерациясынын жараны болгон кызмат адамдары менен кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” протокол;

— «2019-жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында тышкы аудит (контроль) жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө» чечим;

— «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн орду жана убактысы жөнүндө» тескеме;

— «Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» чечим;

— «Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөсүн дайындоо жөнүндө» чечим.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.