Токмокто баласын эмизип жаткан эне уктап калып, бала каза болду

Sokol.media-Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынын тургуну баласын эмизип жатып уктап калып, уулун басып калгандыктан  бала тумчугуп каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,кечээ, 14-октябрда Токмок РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 11-августта төрөлгөн С.Э. нин өлүмү тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ келгенде 33 жаштагы Б.С., баланы эмизип жатып уктап калганын, ошодон улам улам бала тумчугуп каза болгонун айткан.

Аталган факт «Шалаакылыктан өлүмгө алып келүү» беренеси боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталып,соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Читайте также: