Милиция өлүктү таанууну суранат

Sokol.media-6 -июль күнү эртең менен саат ондор чамасында Чүй районунун Чүй айылынын көчөлөрүнүн биринен күч колдонуп өлтүрүлгөн белгилери жок эркек кишинин сөөгү табылган.

15-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жарандын жашы 50-55 жаш.

Белгилери: 165-170 см, арык, кыска чачтары агыш түстө.

Кийген: сары көйнөк, кочкул көк шым, классикалык кара бут кийим.

Полиция ал кишини тааныгандарды төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранат: Чүй РИИБинин нөөмөт бөлүмү 0 (312) 60-73-87 же 0 (501) 74-66-00.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.