Каралбай калган балдардын реабилитациялык борборуна 2 саатта 40 млн сом чогулду

Sokol.media- Каралбай калган балдардын реабилитациялык борборун калыбына келтирүү үчүн уюштурулган марафондо, 2 саат аралыгында 40 млн сом чогулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоожана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди.
Марафондун расмий ачылуу аземине Президент Садыр Жапаров да катышып, Президенттин фондунан 3 млн, Министрлер кабинетинин фондунан да 3 млн сом кошкон. 
Ошондой эле Президенттин үй-бүлөөлүк фондунун эсебинен 500 000 сомду биринчи айым Айгүл Жапарова тапшырган.
Мындан сырткары, Айыл чарба министрлиги 200 мин сом, Ысык-Көл облусунун фондунан 1 млн сом которулган. Бул тизмени Талас, Нарын Чуй облустарынын башкармалыктары улантат, бирок суммасы айтылган жок.
Көп түкүрсө көл болот демекчи, бул кайрымдуулук иш-чарага кол сунгусу келген ар бир жаран телефон аркылуу да акча которсо болот.
Телефонго «Megapay» тиркемесин жүктөп, «Оплата услуг» бөлүмүнөн «Благотворительность» баракчасына кирип «Өмүр булагы» баскычын тандап тийиштүү акчаны которо алышат.

Читайте также: