ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызматкерлери ардагерлерине жардам көрсөтүштү

Sokol.media- Бүгүн ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызматкерлери өмүрүнүн орчундуу бөлүгүн ички иштер органдарына арнаган ардагерлерге азык-түлүк жана акчалай жардам көргөзүшүп, ал-акыбалын сурашып, кадырман ардагерлерибиздин батасын алып, келечек муундардын баскан жолуна шам чырак болгон кеп-кеңешин угуп, ыраазычылык билдиришти. Өз кезегинде ардагерлерибиз күч түзүмдөрүндө татыктуу кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге ыраазычылыктарын айтышты.
Илгертен бери ата-бабаларыбыз карыларды урматтап, “карынын кебин капка сал”, “карысы бардын ырысы бар” деп үйдө карыяларды төргө олтургузуп, кадырлап келишкен.
Биз, ички иштер органдарынын кызматкерлери ар дайым ардагерлерибизге жүрөктөгү жылуу сөздөрдү арнап сый-урмат көргөзүп, алардын бай тажрыйбасын эске алып, ишмердүүлүгүбүздө колдонушубуз керек!

Атайын багыттагы полк
милициянын майору А.Тыналиева.

Читайте также: