ИИМ: БМЖККнын кызматкерлери 3 килограммга жакын баңгизаты аныкталып алынды

2021-жылдын 16-сентябрында Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын реестринде катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында О.Б. аттуу жаранга тиешелүү Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан дүкөндөрдүн биринде издөө иштерин жүргүзүүдө алмалар салынган коробканын ичинде 273 даана ширеңкенин ичине ныкталган кочкул-гүрөң түстөгү жапайы кара куурай жыты бар өсүмдүк тектүү заттар аныкталган.

ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, алынган заттардын жалпы салмагы 2 кг. 874 гр. болгон.
Тергөө амалдарынын жүрүү учурунда алынган заттарды 1999-ж.т., О.Н. аттуу жаран О.Б. жарандын бир тууган байкеси берип жибергендиги аныкталган.
Ошол эле күнү, атайын тергөө амалдарын жүргүзүүдө Ленин РИИБнын тергөөчүсүнүн тапшырмасы менен Токтогул райондук ИИБнын кызматкерлери тарабынан 1999-жылы туулган О.Н. аттуу жаран кармалып Ленин РИИБне жеткирилген. Аталган жаран алынган заттар ага тиешелүү болгондугун мойнуна алып, өзүнүкү экендигин билдирген. О.Н. аттуу жаранга тергөө абагына кармоо тууралуу бөгөт коюу чарасы колдонулган.
Учурда бул кылмышка катыштыгы бар жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча кошумча атайын тергөө аракеттери жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.