Бишкекте 18-октябрдан тарта 30 автобус линияга чыгат. Схемасы

Sokol.media- Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришкендей, 18 -октябрь, дүйшөмбү күнү дагы 30 автобус линияга чыгат.

Автобустар 34, 21 жана 46 -каттамдар боюнча каттайт.
Жаңы №34 каттам Жеңиш конушунун тургундарынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен «Эко жүргүнчүлөр ташуу» компаниясы тарабынан иштелип чыкты.
«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын талабы боюнча муниципалдык автобустар келгенге чейин, №21 жана №46 автобустук каттамдардын кыймылынын схемаларын «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» жеке компаниясына тейлөө үчүн  өткөрүлүп берилди.
«Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы төмөнкү багыттар боюнча автобус каттамдарын чыгарат:
— № 21- каттам: Биримдик конушу- Бакай-Ата конушу, 10 автобустун пландуу чыгуусу;
— №46- каттам: Дордой базары- Эне-Сай конушу — Чоң-Арык айылы, 10 автобустун каттамга чыгуусу пландаштырылды;
— 34 -каттам: Шоро фирмасы — Жеңиш  конушу,  каттамга 10 автобустун чыгуусу пландалып жатат.

Читайте также: