Антальяда кыргызстандык жаран 5-кабаттан кулап каза болду

Түркиянын Анталья шаарындагы имараттандын биринин бешинчи кабатынан кулап кеткен кыргыз жараны каза болуп калды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

«2003-жылы туулган Кыргыз жараны А.Т. Анталиядагы убактылуу жашап жаткан турак үйдүн 5-кабатынын терезесинен кулап кетип, Анталиядагы ооруканага абалы оор болуп түшкөн. Дарыгерлердин кылган аракетине карабай, 15-октябрда таңкы саат 07:00дө каза болгон. Учурда тийиштүү чаралар көрүлүүдө жана Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы башкы консулдугу маркумдун жакындарына ар кандай жардамдарды көрсөтүүдө», — деп билдиришти министрликтен.

Буга чейин, Анталья шаарында 18 жаштагы кыргыз жараны 5-кабаттан кулап кетип, оор абалда ооруканада жаткандыгы кабарланган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.