Жалал-Абадда төрөлгөн үч эмге эки бөлмөлүү батир белекке берилди

Sokol.media- Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эмге жергиликтүү бийлик тарабынан эки бөлмөлүү батир белек катары берилди. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, батирдин ачкычын шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырды. Үч эмге турак-жай сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1миллион 800миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Бир уул, эки кыздан турган үч эмди жарыкка алып келген Гүлнара Бүркүтова буга чейин 5 баласы менен ижарада, бир бөлмөлүү батирде күн кечирип келген.

Эске салсак, 2021-жылдын 31-мартында Жалал-Абад шаарынын 38 жаштагы тургуну Гүлнара Бүркүтова үч эм төрөгөн.

Читайте также: