Жалал-Абадда 8-класстын окуучусу каза болду

Sokol.media-Жалал-Абад шаарында 8-класстын окуучусу ууланып каза болду. Бул тууралуу Турмуш басылмасы өздүк кабарчысына таянып жазды. 

Маалымат Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан такталды.

Өспүрүм кыз ооруканага 29-сентябрда эс-учун жоготуп түшкөн. Ал 12 күн реанимацияда жатты.

«Мектеп окуучусунун апасы кант диабети менен ооругандыктан,үйдө дары-дармектер болгон. Кыз үйдө эч ким жок болгондо аларды ичкен. 29-сентябрда саат 11:00 чамасында эс-учун жоготкон абалда алып келишип,комага түшкөн. Адатта, кандагы канттын деңгээли 3,3-5,5 ммоль/л булушу керек. Кыздын кум шекери 00гө чейин төмөндөп кеткен.

Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын МЭРПте бул факт «Уулануу» катары катталган.

Сегизинчи класстын окуучусу 14 жашта болчу. Алдын ала маалыматтар боюнча,ал апасына таарынган.

Читайте также: