Тайфун Филиппинде ондогон адамдардын өмүрүн алды

Sokol.media-Филиппиндин Лузон аралынын түндүгүндө болгон  Маринг тайфунунан ондогон адамдар набыт болуп,жабыр тартты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Табигый кырсык коркунучун азайтуу жана башкаруу боюнча,тропикалык бороон-чапкындан жабыркагандардын саны 30 адамга жетти,дагы 14 киши дайынсыз болууда. Жалпысынан аба ырайынын бузулушунан улам 15миңден ашуун тургун эвакуацияланган.

Филиппиндин Бенгуэ провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчкү жана сел жүрдү.Үч жүздөн ашуун үй жана чарбалык курулуштар жабыркады,алардын төрттөн бир бөлүгү толугу менен талкаланды. Мамлекеттик Кеңеш кырсыктан айыл чарба тармагына 21 миллион доллардан ашык зыян келтирилгенин белгиледи.

1-октябрда Токиого жакындап келген «Миндул» тайфуну Жапониянын баш калаасында алты миңден ашуун үйдү жарыксыз калтырганы кабарланган. Аба ырайынын начардыгынан улам жергиликтүү аэропорттордо 350дөн ашуун рейс токтотулду. Поезд жана учактан тышкары Токио менен өлкөнүн чыгыш аралдарын байланыштырган паромдор иштебей калды.

Читайте также: