«Муфтият тараптан кысым болду». UFC мушкери Рафаэль Физиев Кыргызстандан кетет

Sokol.media- UFC мушкери Рафаэль Физиев Кыргызстандан кетет. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылууда айтты Мушкер мындай кадамга барышына анын дин тутуу укугуна кийлигишүүлөр себеп болгонун белгилеген. Ал ошондой эле миңдеген кыргызстандыктар тарабынан социалдык тармак аркылуу анын жеке жашоосуна, үй-бүлөсүнө карата акарат сөздөр менен басым жасалганын билдирди. «Мен миллиондогон адамдар сыяктуу эле Инстаграмдан өз жашоомду көрсөткөм. Бүттү. Мен кетем. Мени мындан ары Кыргыз өлкөсү менен эч нерсе байланыштырбайт. Биз жакында көчүп кетүүнү ойлонуп жатабыз. Мен коркутуулар келгендиги үчүн мындан ары мелдештерде Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыкпайм», — деди Физиев.

Читайте также: