Кегети капчыгайында индиялык 10 адам жоголуп кеткен

Sokol.media- Чүй районундагы капчыгайда адашып кеткен индиялык жарандар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, райондогу Кегети айылынын Кегети капчыгайынын Көлтөр эс алуучу жайына Индиянын 10 жараны эс алууга чыгып, жолдон адашып кетишкен. Ал жерге куткаруучулар саат 22:30да жөнөп, саат 00:50дө жетишти. Саат 05:25 чамасында индиялык 10 адам аман-эсен табылып, тийиштүү кызматкерлерге өткөрүп берилди. Алардын абалдары жакшы. 

Читайте также: