Депутат министрлерге асылган жипи кармап ант берүүнү сунуш кылды

Sokol.media- Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Садиков министрлер кабинетинин төрагасы менен мүчөлөрүн аянтка чыгып дарга асылган жиптин алдында ант берүүнү сунуш кылды.

Депутат министрлер анттын ыйыктыгынан коркпой калгандыктан, дал ушундай кадамга баруу керек деди.

«Буйруса, бир аз убакыттан кийин ишиңиздерди ант берүү менен киришесиздер. Ант берүү — касам ичүү, эр жигиттин башын сайганы деп түшүнөм. Биз 30 Премьер-министр, жүздөгөн министрлердин касам ичип келгенин көрдүк, бирөөнүн дагы башы калган жок ушул жерде. Аз жегенин аш болсун деп, көп жегенин бир аз кустуруп жөнөттүк. Анттын ыйык экенин сезбесеңиздер, анда эмнеге ант бересиңер? Андай болсо аянтка чыгыңыздар, ошол жерге дарды коюп, эки метр жипти тиктеп туруп ант берип көрүңүздөрчү. Акылбек Үсөнбекович, артыңызда канча адам калганын ошондо көрөт элек», — деп кайрылды Садиков.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.