Бишкеке Кабулдан 200дөй ооган студенти келди

Борбор Азиядагы Америка университети жана кыргыз өкмөтү ишке ашырган амбициялуу планга ылайык, 200гө жакын ооган студенти Кабулдан коопсуз түрдө эвакуацияланды. Бул тууралуу PassBlue бамылмасына таянып Билим Акипресс жазды. 

«Азыр БААУда 300дөй ооган студенти бар. Алардын ичинен 180 студент Ооганстандан акыркы 30 күндүн ичинде эвакуацияланган — адегенде жеңил автоунаалар жана чакан автобустар менен Исламабадга барат, андан соң ал жактан Бишкекке самолет менен», — деп жазды БААУнун камкорчулук кеңешинин төрагасы Дэвид Лахдхир.

Кабулдагы аэропорт жарым-жартылай ачылгандан кийин студенттердин дагы эки тобу Бишкекке жеткирилген. Алардын арасында Ооганстандагы Америка университетинин АКШ колдогон «элчи окумуштуулары» бар.

Студенттерди Кабулдан эвакуациялоо АКШ жана Кыргызстан өкмөттөрү менен макулдашылып, пландаштырылган. Аны Борбордук Азиядагы Америка университетинин убактылуу президенти жана Бард-колледжинин (АКШ) Жарандык активдүүлүк борборунун директору Жонатан Беккер координациялаган топ жетектеген. 

«Азыр менде кичине көйгөй бар. Биз болжол менен 200дөй ооган студенти болот деп күткөнбүз жана каржылоону ушул санга уюштурганбыз. Бирок азыр бизде 300гө жакын студент, ошондуктан мен жардам бере алган кошумча студенттерди колдоо үчүн кошумча каражат табышым керек», — дейт Лахдхир 12-октябрда PassBlue бамылмасына жасаган билдирүүсүндө.

Читайте также: