Темир Сариев жарандык укугу тебеленип жатканын билдирди

Sokol.media-Кумтөр иши «боюна шек саналып, камакка алынган мурдагы премьер -министр Темир Сариев Бишкек шаардык  сотундагы бөгөт чарасын кароо  учурда өзүнө жалган жалаанын негизинде айып коюлуп, жарандык укугу бузулуп жатканы билдирди.

Ал 12-октбярда сотто сүйлөп жатып «Кумтөр ишине» байланыштуу Экология жана климат боюнча комитеттин төрайымы Динара Кутманова жалган жалаа жаап, бир катар маалматтарды бурмалап жатканын айтты.

«Бүгүн Кумтөр боюнча маселе көтөрүп, ага сырткы башкаруу киргизүүгө мен өз кезегинде жетектеген мамлекеттик комиссиянын тыянактары мүмкүнчүлүк түзүп  берип жатат. Ал учурда парламентте эки күн отчет берип,баардык суроолорго жооп бергем. Ал эм бүгүн Кутманованын айтканы жалган. Бул эч кандай түшүнүгү жок адамдын айтканына тете болуп жатат. Анын 25 барактан турган отчету, ал жазган айып пулдар мен жетектеген мамлекеттик комиссиянын материалдарында бар «, -деди Сариев.

Темир Сариев Кыргызстандан качып кетпей турганын, соттор эч далилдебеген айыптардын негизинде мыйамсыз чечимдерди кабыл алып жатканын билдирди.

«Иш менин арызымдын негизинде эмес, мөңүлөрдүн  үстүнө калдык таштоо маселеси боюна козголду»,деген Сариев. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.