Сузактагы массалык уулануудан 124 адам ооруканага кайрылып, 16 бейтап учурда дарыланууда

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сүннөт тойдон кийин массалык уулануу катталганы маалымдалды. Акыркы сааттарга алынган маалыматтарга караганда, жалпы 124 адам ооруканага кайрылган. Бул туурасында Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына таянып Супер кж порталы жазды. 

Маалым болгондой, медициналык жардам сурап кайрылгандардын ичинен 16сы ооруканага жаткырылды. Ал эми калганына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

«Этти 9-октябрда бышырып, даярдашкан. Эртеси күнү той өткөн. Меймандарга эт жана палоо берилген. Учурда уулануу эмнеден болгонун аныктоо боюнча лаборатордук экспертиза жүргүзүлүп жатат. Тиешелүү үлгүлөр алынган», — дешти мекемеден.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сүннөт той өтүп, андан кийин Бек-Абад айылынын 60 тургуну аймактык ооруканага барышкаы кабарланган. Алардын ичинен бешөө алдын ала коюлган уулануу диагнозу менен ооруканага жаткырылганы айтылган.

Читайте также: