Россиядан бензинди бажы төлөмсуз ташуунун көлөмүн көбөйтүү боюнча индикативдик баланска кол коюлду

Sokol.media-Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун тапшырмасын аткаруу үчүн Росиия Федерациясынан Кыргыз Республикасына бензин жана дизель майын бажы төлөмсүз ташуунун көлөмүн көбөйтүү боюнча 2016-жылдын 6-оюнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мунай жана мунай продуктыларын жеткирүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү,ошондой эле 2022-жылга индикативдик балансты тууралоо жана бекитүү жөнүндө Протоколго кол коюлду. Документке кыргыз тараптан энергетика жана өнөр жай министиринин орун басары Н.Шаршеналиев, экономика жана финансы министиринин орун басары Э.Алишеров,ал эми Россия тараптан энергетика министиринин орун П.Сорокин кол койду. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жардамы менен КРнын  министирликтери жана ведомстволору тарабынан иштелип чыккан. Белгилей кетсек,буга чейин Россия Федерациясынан 460 миң  тонна бензин жана 485 миң тонна дизель майы бажы төлөмсүз ташылчу, эми анын көлөмү көбөйтүлдү. Тагыраак айтканда,650 миң тонна бензин,550 миң тонна дизель майы бажы төлөмсүз ташылат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.