Министр «Ваучер» эмне экенин билбей. Депутат жаңы министрлер кабинетин сынга алды

Sokol.media- Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны болууда.  Анда Акылбек Жапаров баш болгон жаңы министрлер кабинетинин мүчөлөрү депутаттардын суроосуна жооп берүүдө. 

Жыйында депутат Абдувахап Нурбаев Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге «Президент Садыр Жапаров иннаугурациясында айтты эле. Билим берүү системасына «Ваучер системасын» киргизебиз деп. «Ваучер системасы» эмне экенин түшүнөсүзбү, аны качан киргизесиз», деген суроо узатты.

«Азыр билим системасындагы болуп жаткан бүт маселелердин бардыгын изилдеп чыгып, бардыгын аткаруу үчүн өзүбүздүн үч жылдык программаны түздүк. Ага план менен бекитилди. Мунун бардыгына бүгүн эле киришип кетебиз деп айта албаймын. Мына жаны окуу жылы башталгандан бери башка жагы менен алек болуп жаткандыгына байланыштуу жакынкы арада мунун баары каралат», -деп жооп берди министр.

Депутат Нурбаев «Сиз ваучер эмне деген айтып беринизчи. Президент айтпадыбы ушуну киргизебиз деп. Түшүнүгүңуз барбы, жокпу», -деди.

«Ваучерди мен деген азыр сизден угуп жатам, азыр мен айта албайм аны«, -деди министр.

Нурбаев «Анда түшүнүңүз жок экен да. Ушунудай команда менен каякка барасыз Акылбек Үсөнбекович«, -деди.

«Абдывахав Мамадрасулович, жакшы жака барам, «ваучер» эмне экенин мен билем. Министр түшүнбөсө түшүндүрөбүз. Же түшүнгөн кишини алып келебиз«, -деп жооп берди Жапаров. 

Читайте также: