Милиция кызматкерлери Талас районундагы мектептерде окуучуларга жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүшүүдө

Sokol.media- Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекторлор жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен бирдикте Көк-Ой айылы жана Нуржанов айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Токой айылында орто мектептерде милициянын көчмө кабылдамасы менен алдын алуу иштерди алып барышууда.

Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, жашы жете электердин катышуусу менен жол кырсыктарынын алдын алуу максатында атайын түзүлгөн иш-мерчемдин негизинде өткөрүлүп жатат. Мектеп окуучуларына, айрыкча жаңы баштапкы класстарга өзгөчө көңүл бурулуп, алардын жолдон коопсуз өтүшү боюнча окутуп үйрөтүүлөрдү өткөрүп жатышат. Кандай учурларда жол кырсыгына учурабай өтсө болот. Жолго чыкканда унааларды карап, шашпай этият болуп, чуркабай жай өтүү керектиги айтылды. Себеби, бул мектептер Тараз-Талас-Суусамыр эл аралык унаа жолунун жээгинде жайгашкандыктан унаалар тынымсыз өтүп, кээ бир учурларда катуу ылдамдыкта айдашып кооптуу кырдаал жаратып коюшат. Жол чырактардын белгиси боюнча дагы үйрөтүүлөр болуп, балдардын суроолоруна жооптор берилди. Мындай алдын алуу иштери ар бир орто мектепте уланып, тынымсыз алдын алуу иштер жүрүп жатат.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.