Кыргызстандагы эң чоң көпүрөнүн асмандан көрүнүшү

Бир нече жумадан кийин Кыргызстанда эң чоң эки эстакадалык көпүрөлөрдүн курулушу аяктайт. Биз Түндүк — Түштүк альтернативдик трассага барып, ал жердеги иштердин жүрүшүн көрүп келдик.

Бишкек — Ош жолу ондогон жылдардан бери Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган бирден-бир кара жол катары кызмат кылып келет. Бирок ары-бери каттагандардын саны өсүп, кыймылдын көбөйө башташы абалды өзгөрттү. Мындан сырткары, Транспорт министрлиги жолдун абалы оор жүк ташуучу автоунаалар, жүргүнчү транспорттору каттоо жана коопсуздук боюнча азыркы талаптарга жооп бербей тургандыгын билдирди.
Альтернативдик трассанын курулушу боюнча маселе 2010-жылдан тарта көтөрүлө баштаган. Иш насыяга алынган каражатка 2014-жылы башталган.
«Альтернативдик жолдун стратегиялык, экономикалык жана социалдык мааниси жогору. Ал жолду, түштүк облустарынан Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облусуна жүргүнчүлөрдү ташууга кеткен чыгымды кыскартууга жардам берет. Аймактар арасындагы соода-сатык, алака өсөт, туризм өнүгөт», — деп Транспорт министрлигинен айтып беришти.
Курулуш бүткөндөн кийин Кара-Кече, Макмал кендерине, Камбар-Ата, Тогуз-Торо ГЭСтеринин тилкелерине баруу жеңилдейт. Бийлик Сузак, Тогуз-Торо, Жумгал жана Кочкор райондоруна социалдык-экономикалык жактан өнүгүүгө кошумча мүмкүнчүлүк жараларын белгиледи.
Жол тоолуу, татаал шартта курулуп жатат. Октябрдын соңунда Нарын дарыясына салынган эки ири эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктайт. Биринчисинин узундугу — 1 076 метр, экинчисиники — 396 метр экени айтылды. Туурасы 14 метрден. Ал эми таянычтары 46 метр тереңдикке киргизилип бекитилген. Көпүрөнүн 20-октябрда толук бүтөрүн, бүгүнкү күндө объектидеги иштердин 90 пайызы аяктап калгандыгын айтышты.
Трассаны эксплуатацияга берүүнү бир нече ирет жылдырышкан. Министрликтин акыркы маалыматтарына караганда, бул курулуш толугу менен 2024-жылы аяктайт. Анткен менен Казарман — Арал (реконструкция жасалган жок, жаңы салынды) жолунун курулушу ноябрда бүтөт. Жолду салууга кеткен каражат 850 миллион долларды түзүп, анын арбын бөлүгүн Кытай берген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.