Кыргыз спортчулары тууралуу китеп чыкты

Sokol.media-Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Улуттук Олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин мүчөсү, спорттук баяндамачы Кабыл Макешовдун «Кыргыз Республикаcы Олимпиадалык оюндарда» аттуу китеби жарык көрдү. Анын бет ачары 11-октябрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада болуп өттү.

Китепте Олимп оюндарына катышкан спортчулар тууралуу маалыматтар камтылган.

Ушул эле күнү «Журналист — кыргыз спортунун барометри» аттуу илимий -практикалык конференция өттү. Бул иш-чаралар журналист Кабыл Макешовдун 60 жылдык мааракесине арналып уюштурулду.

Макешов 1961-жылы 11-октябрда Нарын районунун Эчки-Башы айылында туулган.Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте окуп жүргөндөн баштап облустук, республикалык гезиттерге макала жазып, штаттан сырткаркы кабарчы катары таанылган.Алгачкы макаласы 1976-жылы «Нарын правдасы» гезитине жарык көргөн.1979-жылы эмгек жолун Нарын облусттук «Нарын правдасы» гезитинде редакция башчысы болуп баштаган.Журналист спорттук баяндамачы катары 11 кышкы жана жайкы Олимпиадага барып, жеринен маалымат берип турган. 

Бир нече ирет «Кыргызстандын мыкты спорттук журналисти» деп таанылган. «Кыргызстандын дене тарбиясы жана спортунун отличниги» төш белгисин алган жана «Азамат Алтай» фондунун негиздөөчүлөрдүн бири. «Кыргыз спортунун тарыхы» жана «Спорттук энциклопедия» баштаган 15 китептин автору.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.