Өкмөт көмүрдүн баасын жөнгө салуу чечимин кабыл алды

Sokol.media- Министрлер кабинети кечээ, 12-октябрда, көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу чечимин кабыл алды. Бул 90 календардык күнгө созулат. Бул тууралуу кабинеттин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, бул чечим көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө, 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилинде калкты өз убагында туруктуу көмүр менен камсыз кылуу үчүн кабыл алынган.
Мамлекеттик монополияга каршы агенттикке 2009-жылдын 22-апрелиндеги социалдык маанилүү товарлардын баасын мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык, мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрүү тапшырылды.
Эске салсак, республикада суук түшткөндөн тартып, көмүрдүн баасы кымбаттап баштаган. Айтсак, Кара-Кечеден тоннасы 1330 сомдон чыккан көмүр, Чүйдө 4000-5000 сомдун тегерегинде сатылып жаткан. Ал эми КРнын түштүгүндө болсо тоннасы 7000-8000 сомго чыгууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.