ИИМдин Ички аскерлеринде 9 айдын жыйынтыгын чыгарган жыйын болду

Sokol.media- Үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринде 2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгын чыгарган жыйын болуп өттү. Ага Ички аскерлердин колбашчылыгынын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жетекчилери, жер-жерлердеги аскер бөлүктөрүнүн командирлери орун басарлары менен катышты.
Жыйында республикабыздын түштүк-батыш, түндүк-чыгыш аймактарында орун алган аскер бөлүктөрүнүн командирлери, колбашчылыктын башкармалыктарынын жана өз алдынча бөлүмдөрдүн башчылары өткөн мезгил аралыгында аткарган иштери тууралуу маалымат беришти. Түштүк-батыш аймагында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн командирлери жыйынга онлайн режиминде катышышты.
Отчет бергендер укуктук тартипти, мыйзамдуулукту жана аскердик тартипти чыңдоо боюнча аткарылган иш чаралардан тышкары, күзгү-кышкы мезгилге даярдык, таажы илдетинин алдын алуу боюнча жана алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого карата көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кенен баяндама беришти. Жыйында ийгиликтер менен катар кемчилдиктерге да кенен баа берилип, аларды жоюу боюнча тийиштүү тапшырмалар берилип, анын жыйынтыгы жыл аягында карала тургандыгы эскертилди.
Ички аскерлердин колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов жыйындын катышуучуларынын көңүлүн коюлган тапшырмалардын маанилүүлүгүнө буруу менен өздүк курам күтүүсүз коюлган тапшырмаларды аткарууга дайыма даяр болуусун баса белгилеп өттү.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.