«Денесин бөлүктөргө бөлүп». Түркияда кыргызстандык келин кайын атасы тарабынан бычакталды

Sokol.media- Түркияда Кыргызстандын жаранын (жаш келин) мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен анын кайын атасы кармалды. Бул маалыматты 12-октябрда жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялады.

Окуя Текирдаа шаарында болгон. Маалыматтарга таянсак, 65 жаштагы Фехми менен 31 жаштагы келини А.Аяттын ортосунда чыр чыккан. Аят менен Фехминин уулу (окуя учурунда үйүндө жок болчу) 2 балалуу болушкан.

Уруш кол көтөрүүгө чейин жетип, Фехми келини Аятты бычактап өлтүргөн. Андан кийин бул ишин жашыруу максатында маркумдун денесин бөлүктөргө бөлүп, теңин таштанды челекке, теңин автоунаанын багажына каткан.

Ошол учурда маркум келиндин кайын энеси үйүнө барып, кошуналарын жардамга чакырган. Кошуналары полиция кызматкерлерине кайрылган.

Булак: Акипресс

 

Читайте также: