Акылбек Жапаров: «Кимге турмушка чыгасың деп сураса мугалимге деп жооп бере тургандай кылабыз»

Sokol.media- Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин курамы каралып жатат. Анда депутат Абдывахап Нурбаев мугалимдердин айлыгын көтөрүү керектигин айтты.

«2022-жылы мугалимдердин айлыгын көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк барбы? Улуттун сапаты билим берүү системасына байланыштуу. Билимдин сапаты мугалимдерге байланыштуу. Айлык аз болсо биз алардан талап кыла албайбыз. Мугалимдерге көңүл буруу керек», — деди Абывахап Нурбаев.

Акылбек Жапаров: «Быйыл укук коргоо органдарынын айлыгын көтөрдүк. Кийинки жылы мугалим, дарыгерлердин айлыктарын биринчи жогорулатабыз. Кимге турмушка чыгасың деп сураса мугалимге деп жооп бере тургандай кылабыз», — деди

Читайте также: