14 -октябрда борбор калаанын айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт

Sokol.media- Бишкексууканал» башкармалыгынын  маалыматы боюнча, 14 -октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда ичүүчү суу болбойт.

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, суунун токтотулушу  «Батыш-2» суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу.
Үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу өчүрүлөт.
Ала -Арча суусу — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси — Жаш Гвардия бульвары жана — Жаш Гвардия — темир жол линиясы — Фрунзе — Манас  көчөлөрү чектешкен аймакта суу токтотулат.

Читайте также: