Ka4eli Fest фестивалы: Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине айып пул салынды

Sokol.media- Ka4eli Fest фестивалынан кийин антисанитардык шарттар үчүн айып пул салынды, эреже бузуучу күнөөсүн мойнуна алган жок. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. 

Турак жай- коммуналдык чарба тармагын  көзөмөлдөгөн вице-мэр Максатбек Сазыкулов Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Медер Амангелдиев менен биргеликте Тоголок Молдо жана Москва көчөлөрүн текшерип чыккан. 
Текшерүүнүн жүрүшүндө  «Фармамир» компаниясынын  бир бөлүгү болгон дарыкананын кызматкерлери тарабынан таштанды туура эмес жерге төгүлгөндүгү аныкталган.  Аларга тиричилик таштандыларын ыргыткандыгы  үчүн Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» Кодексинин 71 -беренесинин 1 -бөлүгүнө ылайык, 17 миң сом өлчөмүндө айып салынган. 
Кечээ, 11 -октябрда «Спартак» стадионунда Ka4eli Fest музыкалык фестивалы өттү. Ошол эле учурда администрация тазалыкты жана тартипти камсыздай алган эмес. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 70 -берене боюнча 13 миң сом айып салынган.  Бирок, алар мыйзам бузууну мойнуна алышкан эмес, ишти бузуулар боюнча административдик комиссия карайт.
Мындай рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Читайте также: