Көмүрдүн баасы мамлекет тарабынан 90 күн жөнгө салынат

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине министрлер кабинетинин чечиминин аткарылышын көзөмөлдөө тапшырмасы берилди.

Кыргызcтандын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Тийиштүү чечимге төрага Улукбек Марипов кол койгон.
«Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Көмүрдүн баасы 90 күн жөнгө салынат«, — деп айтылат маалыматта.
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине мамлекеттик жөнгө салууну көзөмөлдөө тапшырмасы берилди.

Читайте также: