Балбан кыз Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга чыкты

Sokol.media- Балбан кыз Мээрим Жуманазарова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү.
Маалыматка ылайык, жаңыланган рейтинг Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча түзүлдү.
Норвегияда Жуманазарова 68 кг салмакта алтын медалга ээ болду жана бул ага дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берди. Кыргыз балбаны биринчиде турган спортчудан 9 упай артта.
Эскерте кетсек, Жуманазарова Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медаль алгандан кийин дүйнөлүк рейтингде үчүнү орунда болчу.
Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча дүйнөлүк рейтинг:
68 кг чейин:
1. Тамира Сток Менса (АКШ) — 123 упай
2. Мээрим Жуманазарова (Кыргызстан) — 114 упай
3. Блэссинг Оборудуду (Нигерия) — 90 упай
4. Ханум Велиева (Россия) — 65 упай
5. Адела Ханзликова (Чехия) — 42 упай.

Читайте также: