Таласта белгисиз адам мейманканадагы кыздар уктап жаткан бөлмөгө кирип барган

Талас шаарындагы «Kerben Palase» мейманканасында к белгисиз адам түн ичинде кирип келип, чыр чатак чыгарып, мейманканада жаткан адамдардын тынчын алган. Бул тууралуу Фейсбук баракчасында Авланбек Жумабаев жазып чыкты.

«Түнкү саат төрттөр чамасында мейманканага бир адам кирип келди. Бардык эшиктерди талкалап, кыздар уктап жаткан бөлмөлөргө кирип барды. Алар жарым жылаңач түн ичинде көчөгө чуркап чыгышты. Алардын арасында эмчектеги баласы бар эне бар. Коркондорунан улам мейманканада жаткандардын баары көчөгө чыга калышты. Ал адам жаш-кары дебей сөгүп жатты. Бөлмөлөрдүн баары кан болуп, ал тургай короодо токтоп турган унаалардын дагы терезелерин талкалады», — деп жазды Жумабаев.

«Күбөлөр милиция кызматкерлеринин жүрүм-турумуна таң калышты. Алар чыр салган адамдын колун бурап, кишен салган жок. Кайра аны эптеп көндүрүп, суранып жатып унаага салышты», — деп жазат Жумабаев.

Ал эми бул окуя боюнча Талас ОИИБинин берген маалыматына таянсак, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн «102» кызматына 11-октябрь күнү түнкү саат 04:30 чамасында чакыруу келип түшкөн. Анда Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсүндө жайгашкан «Кербен Palase» мейманканасынан белгисиз жаран эшиктерди сындырып чатак салып жатат деп билдирүү келип түшкөн.

Ал жерге ошол замат Талас ШИИБинин ыкчам-тергөө тобу чыгып, текшерүү иштерин жүргүзгөн. Текшерүү учурунда Талас шаарынын 1983-жылы туулган тургуну О.С. аттуу жаран мас абалда мейманкананын эшиктерин сындырып, чатак салгандыгы аныкталган.

«Андан тышкары ошол мейманканада токтоп турган Фольксваген Поло үлгүсүндөгү унаасынын арткы чоң айнегин жана Ниссан унаанын капталдагы айнегин сындырып салганы аныкталган. Ал жарандын милицияда иштеген деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анын милицияга эч кандай тиешеси жоктугу такталган. Учурда шектүү эч жерде иштебейт. Аталган факты Талас ШИИБинде маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына «бейбаштык» фактысы менен катталып, шектүү адам милиция кызматкерлери тарабынан ШИИБге алынып келинип, тергөөдө сурак берүүдө. Окуянын бардык жагдайлары иликтенип, текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Аталган факты боюнча кошумча маалымат берилет», — деп жазылат маалыматта.


Читайте также: