«Мыктылар»! Кыргыздын балбан кыздардына арналган иллюстрациялык сүрөтү жарыяланды

Sokol.media- Сүрөтчү Татьяна Зеленская өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жеткен балбан кыздарга арнаган иллюстрациялык сүрөтүн жарыялады. Анда Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы тартылган.

Иллюстрациялык сүрөттүн алдына Зеленская «Мыктылар» деп жазып калтырган.

Эске салсак, Норвегия өлкөсүнүн борбору Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинде Айсулуу Тыныбекова америкалык Кайла Коллина Кийок Чудо аттуу балбан кызды 7:0 эсебинде жеңип, экинчи ирет катары менен Дүйнө чемпиону аталды.

Ал эми 8-октябрга караган түнү Дүйнө чемпиондугунун финалында  Мээрим Жуманазарова япониялык Рин Мияджи аттуу балбанды жеңип, Дүйнө чемпиону аталса, Айпери Медет  76 килограмм салмакта  украиналык Анастасия Шустова аттуу балбан менен кез келип, 12:1 эсебинде жеңип, коло медаль тагынган.

Читайте также: