Москвада 34 жаштагы аял эки баласы менен көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирип каза болду

Москвада 34 жаштагы аял эки баласы менен көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирип кеткен. Жаракатынан баары өлгөн. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Балдарынын бири үч, экинчиси бир жашка чыга элек. Окуя Москванын Левобережная көчөсүндө болгон.

Батир ирээттүү жыйналган, бардык жерде балдар оюнчуктары бар. Маркумдун күйөөсү окуя болгон жерге жаңы эле келген. Ал шок абалда атын дагы айта албай жатат.

Тергөө комитетинин жана прокуратуранын өкүлдөрү жеринде иштеп жатышат.

Булак: Репортер кж

Читайте также: