«Мен сени сүйөм!»- Казакстандык кыз 25метр бийиктиктен секирип мерт кетти

Sokol.media-Укук коргоочулар тарабынан кылмыш иши козголуп, атракциондун ээси жана анын жумушчулары суракка алынууда. Кыз жакындарынын көз алдында кулап кеткен.

«33жаштагы казакстандык аял Карагандада тарзанкада секирүү учурунда кырсыкка учурады», — деп жазат «Вечерняя Караганда» телеграмм каналы.

Атракцион мейманканын чатырына орнотулган. Аял 25метр бийиктиктен секирип, жердеги бетон конструкциясын сүзгөн. Ал оор абалда ооруканага жаткырылган.

«Шашылыш түрдө пациентке операция жасалды. Краниотомия жана гематоманы алып салуу иштери жүргүзүлүп, медициналык чараларга карабастан,оорулу каза болду«,-деп билдирди Караганда облусунун Саламатыкты сактоо департаменти.

Секирүү учурунда кыздын жигити «Мен сени сүйөм!» деп кыйкырган, андан кийин жип белгисиз себептерден улам үзүлүп,кыз жигити менен досторунун көз алдында кулап кеткенин Sputnik Казакстан жазды. 

Азыркы учурда аттракциондун ээси жана анын кызматкерлери сурак берүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.