Медербек Сыдыков Кыргыз футбол биримдигинин башчысы болуп дайындалды

Sokol.media-Бүгүн Бишкекте Кыргыз футбол союзунун кезексиз курултайы болуп өттү. Күн тартибинде КФСтин жаңы жетекчисин шайлоо турат. 

КФСтин президенттигине 2 адам арыз берген:Семетей Султанов (ФФКРди 2012-жылдан 2017-жылга чейин жетектеген) жана Медербек Сыдыков (КФСтин экс-башкы катчысы). Сыдыковдун талапкерлигине 24, Султановго 3 делегат добуш берди. Жалпысынан 27 делегат катышты. Конгресстин сессиясын Аскар Салымбеков алып барды.

Жыйынтыгында Кыргыз футбол союзунун кезексиз курултайында Медербек Сыдыков уюмдун президенти болуп шайланды.

М.Сыдыков Кыргызстандын чемпиону,жогорку лига командалырынын арасында футбол вице-чемпиону,ошондой эле «Нефтчи»ФКнын (Кочкор-Ата) курамында АФКнын президентинин кубогунун коло медалынын ээси болгон. «Жаштык-Акалтын» (Кара-Суу)ФКсынын курамында Кыргызстандын футбол боюнча коло медалынын ээси болду.

Ал Нефтчи»ФК командасынын башчы милдетин аркалап, мындан сырткары администратор,катчы,машыктыруучу,менеджер болуп ар кандай иштерди аткарып келген. 

Эске салсак,КФСтин мурунку президенти Канатбек Маматов Жогорку Кеңешке талапкерлигин коюуну чечкендигине байланыштуу кызматтан кеткен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.