Кыргыз ССРинин Эл артисти Ирина Деркембаева дүйнөдөн кайтты

Sokol.media-Кыргыз театры жана операсы орду толгус жоготууга учурады.

2021-жылдын 9-октябрында 94жашында узакка созулган оорудан кийин Кыргыз ССРинин Эл артисти Ирина Григорьевна  Деркембаева каза болгон. Бул маалыматты президенттин басма сөз кызматы таратты.

Деркембаева И.Г. Россияда Иркутск областынына караштуу Ункурлик айылында  1927ж. 25-декабрь айында туулган.

Ал сахнадагы  ишмердүүлүгүн 1942-жылы Улан-Удэнин музакылык драма театрынын Кордбалетинен баштаган. Окууну Москвадагы П.И.Чайковский атындагы музыкалык окуу жайда уланткан. 1946-жылы колледжди ийгиликтүү аяктап,консерваторияга тапшырган.1952-жылы Московский консерваторияны аяктаган.

«Бүт өмүрүн кыргыз театрына жана операсына арнаган,маданият жана искусство тармагына чоң салымын кошкон Ирина Григорьевна кыргыз элинин опера жана балет театрынын күйөрмандарынын,замандаштарынын,туугандарынын,досторунун эсинде түбөлүккө сакталат»,- деп айтылат некрологто.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.