Камчыбек Ташиевдин иниси шайлоого аттанды

Sokol.media- УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси, жеке ишкер, жергиликтүү кеңештердин бир канча чакырылышынын депутаты,  Шаирбек Ташиев Жогорку Кеңешке аттанып жатыптыр. Бул боюнча кечээ, Канышай Мамыркулова менен Фейсбуктагы түз эфирде билдирди.

«Мен өзү Жогорку Кеңешке аттанайын, саясатка аттанайын деген оюм жок болчу. Бирок, элге жардам берип жүрөм. Анан эл айтып калды, агаңыз чоң саясатта жүрүп, республикалык деңгээлдеги маселелерди чечип, биздин регионго көңүл бурулбай калып жатат. Ошондуктан сиз бир мандаттуу округдан талапкерлигиңизди коюңуз, биз көйгөйлөрүбүздү айтып турган өкүлүбүз болсо деп жатышат. Мен азыр бир туугандарым менен кеңешип, сурап жатам. Мен ойлоймун, ушул кадамдарга барат окшоймун»,-деди ал. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.