Эл нааразы, Таласта 1221 гектар жерди бульдозер менен оюп, жол сала башташты

Sokol.media. 2021-жылдын июнь айынын башында Талас облусунун Талас районунун Өмүралиев айыл аймагында белгисиз адамдар «Апаш» атту жайлоого он чакты палатка тигип, тоонун боорун бульдезор менен оюп, жол сала башташкан. Кыргыз гипрозем 1221 гектар жерди «Балачычканская площадь» деп кошумча тиркеме кылып көргөзгөн.

Маалыматтар боюнча: «Аукциондон женип алгандыгын, лицензиясы бар экендигин» айтышкан.

Бул окуядан көп өтпөй ошол эле айылдын үстүндө жайгашкан  «Чырканак» жайлоосун да аукционго койуп жаткандыгы белгилуу болгон.

Буга нааразы болгон айыл тургундары президентке кайрылуу жасады. Буга чейин айылдын эл өкүлдөрү өлкө башчы Садыр Нуркожоевичке жолугууга көп аракеттенишкен, бирок  мүмкүнчулүк болгон эмес, «Бийлик бутагындагылар, айыл өкмөт, аким, губернаторлор өйдө жактан келген көргөзмөнү аткарышып кысымга алууда» — деп баса белгилей кеттишти.

«Өмүралиев айыл аймагында 6000 жакын айыл тургундары жашашат. Элибиздин жашоосу «Апаш, Чырканак» жайлоосу менен түз байланышта. «Апаш» жайлоосу айылдан 10км , «Чырканак»жайлоосу 8км аралыкта жайгашкан. Бул эки жайлоодо элибиз мал жандык менен алектенишет, оокаттарын кылышат. Апаштын этегинде «Сүттү Булак» кыштоосунда элдин 300 гектардан ашык үлүш жери бар. Жогору жактан түшкөн суудан, үлүш жерден тышкары коңшу «Чат-Базар» айылынын эли чабактарын сугарышат. Ал эми «Чырканак» жайлоосу айыл аймагыбыздын стратегиялык маанидеги жери.

Себеби, Чырканак суусунун батыш жагындагы 1300гектар, чыгыш жагынан 300гектар элибиздин үлүш жери бар. Элибиздин жашоосу дыйканчылык болгондуктан ушул Чырканак суусуна байланыштуу.

Апаш жана Чырканак «кенди иштетебиз» дегени Өмүралиев айыл аймагында жашаган алты миңге  жакын элди «мал бакканды, дыйканчылыгынарды токтоткула» деген мааниге барабар. Адан тышкары, Мөңгулөрүбүз талкаланат, суу келбей калышы толук мүмкүн.

Урматтуу Президент сиз биздин кайрылуубузду кабыл алып, оң жагына чечип берет деген ишенич менен Өмуралиев айыл аймагынын эли кайрылып жатабыз»- дейт жалпы элдик чогулуштун төрагасы Эсен Кашкаралиев.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.