БШК журналисттерге жана блогерлерге шайлоо эрежелерин түшүндүрдү

Журналисттер жана блогерлер үчүн шайлоонун үгүт маалында мыйзамдарды сактоо, укук бузууларды аныктоо маселелерин түшүндүргөн атайын жыйындар жыйынтыкталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 11-октябрда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, БШКнын маалымдоо жана үгүт иштери боюнча тобунун, Журналисттердин көз каранды эмес бирлигинин өкүлдөрү мониторинг учурунда фактчекинг ыкмаларын колдоно билүү, үгүт учурунда кастык тилинин колдонулушуна жол бербөө тууралуу маалымат беришти. Боршайкомдун өкүлдөрү журналисттерди жана блогерлерди шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна каршы активдүү чара көрүүгө, бузуулар тууралуу арыздарды ар бир шайлоо округунда түзүлгөн ыкчам чара көрүүчү координациялык топторго жөнөтүүгө чакырышты.

Мындай жыйындар сентябрдын соңунан бери республиканын бардык аймактарында уюштурулуп, соңкусу Таласта өттү.

Кыргызстанда быйыл 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоонун жаңы эрежесине ылайык, пропорционалдык тутумдун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54, ал эми мажоритардык тутумдун негизинде бир мандаттуу округ боюнча 36 депутат шайланат. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.