«Айсулуу, Айпери, Ай-Мээрим». Бишкекте төрөлгөн үч эмге балбан кыздардын ысымдары ыйгарылды

Бишкек шаарында төрөлгөн 3 эмге балбан кыздар Айсулуу Тыныбекованын, Айпери Медет кызынын жана Мээрим Жуманазарованын атын ыйгарышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 3 эмдин апасы Бермет Дубашевага билдирди.

«Үч эм наристелерибизге чемпион болгон кыздарыбыздын ысымын ыйгардык. Айсулуу, Айпери жана Мээримдикин уйкаш болсун деп Ай-Мээрим деп койдук. Наристелеримди 5-октябрь күнү Дүйнө чемпиондугу башталганда жарык дүйнөгө алып келдим. Салмактары 1 килограмм 800 грамм, 2 килограмм 160 грамм жана 2 килограмм 170 грамм.

Салмактары кичинекей болуп төрөлгөнүнө байланыштуу ырымдап, балбан кыздарыбыздын күчтөрүн кыздарыма да берсин, күчтүү болуп ооруканадан аман-эсен чыгып кетели деп койдук. Учурда өзүмдүн, наристелеримдин дагы абалы жакшы«, — деп билдирди Дубашева.

Бермет Дубашева Ысык-Көл облусунун Тоң районуна келин болгон, учурда Бишкек шаарында жашайт.

Читайте также: